Досум эсиңде барбы,
Ызы-чуу түшкөн мектептин алды .
Бас десе баспай, жаз десе жазбай,
Тажаткан күндөр эже-агайды.
Кайырма:
Мен биринчи атаман, сен экинчиде,
Бирде сени келтектеп, бирде келтек жеп мен.
Канча жолу мушташтык биз кыз талашып,
Аттиң ошол күндөр калды кайда адашып?
Досум бүгүн мен, сен да ,
Өзгөрдү баары, өзгөрдү эл да.
Балалык кезим сенин да менин,
Сагынтат бизди туулган жер да.
Кайырма:
Эх, доске эстей жүр дайым,
Биз ойноп,өскөн мектептин багын.
Тааныткан тамга сага да, мага,
Унутпа дайым эже–агайды.
Кайырма: